• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өкмөттө автотранспорт каражаттарын каттоо маселеси талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы №704 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык, үчүнчү мамлекеттен (ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эмес) киргизилген автотранспорт каражаттарын каттоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы эскерткендей, Бажы биримдигинин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламенти үчүн бекитилген өткөөл мезгил 2017-жылдын 12-февралында жыйынтыкталды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Күмүшбек Шамканов белгилегендей, бүгүнкү күндө башаламандык байкалган жок. Аталган күндөрү катоодон өткөн транспорт каражаттарынын саны 9ду түздү.

«МКК караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти унааларды алгач ирет каттоодон өткөрөт жана жобого ылайык, убактылуу техникалык талон жана мамлекеттик номурларды берет», - деди Күмүшбек Шамканов. Ал кошумчалагандай, бул процедура тийиштүү лаборатория ишке киргизилгенге дейре уланат. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, лаборатория бир айдын ичинде ишке киргизилет.

Өкмөт башчы калкты өз учурунда маалымдоо максатында ЕАЭБ алкагында күчүнө кирип жаткан бардык документтерди жана техникалык регламенттерди инвентаризациялоону тапшырды. Экономика министрлигине автоунаа каражаттарына тийиштүү күбөлүк берүүчү лабораторияны ишке киргизүүнү тездетүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий