• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөттө чек ара аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа каралды

Өкмөт 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Вице-премьер-министр Максат Мамыткановдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасын ишке ашыруу маселеси боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиясынын кенешмеси өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басм сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында 2018-2020-жылдарга карата 33 иш-чара камтылган, бул максатта бюджеттен 305 млн сом бөлүнгөн.

Учурда Мамлекеттик программа алкагында 14 мамлекеттик объект толук көлөмдө бүткөрүлүп, 19 объект, анын ичинде социалдык, суу чарбалык, энергетикалык жана жээктерди чыңдоо объекттери жыйынтыкталуу алдында турат.

Жыйынтыкталуу алдында турган объектилер боюнча мамлекеттик ведомство жетекчилеринин отчеттору угулду, алар тарабынан коронавирустук пандемияга байланыштуу аталган обьектилердин курулушу токтотулгандыгы, бирок учурда курулуш иштери толук көлөмдө жүрүп жаткандыгы белгиленди.

Өз кезегинде вице-премьер-министр белгилегендей, Мамлекеттик программа алкагында алынган бардык милдеттенмелер толук көлөмдө аткарылышы тийиш.

“Мамлекеттик программа Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат, анын аткарылышынан өзгөчө статуска ээ болгон чектеш аймактарда жашаган калктын бакубаттуулугу көзкаранды. Бардык объектилердин курулушун өз мөөнөтүндө бүткөрүү керек”, - деп белгиледи Максат Мамытканов.

Ошондой эле вице-премьер-министр айрым министрлик жана ведомстволордун аткаруу тартибине өзгөчө басым жасады. Ал белгилегендей, жетекчилер кемчиликтерди жоюу боюнча конкреттүү чараларды кабыл алуусу керек, ал эми Мамлекеттик программаны аткаруу мөөнөттөрү сакталбаган учурда жеке жоопкерчилик каралышы керек.

Жыйынтыгында Максат Мамытканов мамлекеттик органдарга Мамлекеттик программага киргизилген иш-чараларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берип, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий