• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөттө Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 28.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 28-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууда тартылган ички жана тышкы ресурстарды натыйжалуу пайдалануунун зарылдыгын белгиледи.

«Коюлган милдеттерди сапаттуу жана өз мөөнөтүндө ишке ашыруудагы жетекчилердин жеке жоопкерчилиги тууралуу эскертем», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле сунушталып жаткан долбоорлордун алдыга коюлуп жаткан социалдык-экономикалык натыйжаларга жетишүүсүнө, аны ишке ашыруу мөөнөтүнүн жана сапатынын сакталышына карай тыкыр талдоого алынуусунун зарылдыгын белгиледи.

«Инвестицияларды тартуу жана өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу, албетте, арткчылыктуу саналат, бирок биз тартылып жаткан ресурстар кредиторлор алдындагы карызыбыздын өсүүсүнө алып келип жаткандыгын так түшүнүүбүз керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары, Премьер-министр инвестициялык долбоорлордун натыйжалуулугун жана аны ишке ашыруу наркын, ошондой эле мониторингдөөнүн так ыкмаларын иштеп чыгуунун зарылдыгына токтолду. Өкмөт башчы белгилегендей, комплекстүү чаралардын кабыл алынышы аркылуу гана коюлган милдеттерге жетишүүгө мүмкүн.

Жыйын жүрүшүндө суу менен камсыздоо тутумун реабилитациялоого, жылуулук жана электр менен камсыздоону жакшыртууга, суу ресурстары жана ирригациялык тутумдарды башкаруу наитыйжалуулугун жогорулатууга, салык башаруусун модернизациялоого жана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы корпусун курууга жана жабдууга багытталган бир катар кредиттик жана гранттык долбоорлор каралды.

Сунушталган долборлордун негизги максаттары тууралуу баяндамаларды тийиштүү министрлик жана ведомство жетекчилери жасады.

Өкмөт башчы инвестициялык жана гранттык долбоорлорду иштеп чыгууда негизги басым өлкөнүн региондорун өнүктүрүүгө жасалышы тийиштигин өзгөчө белгиледи.

«Белгилүү болгондой, 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо тууралуу Президенттин Жарлыгына ылайык, Өкмөттүн алдында бул багыттагы бир катар милдеттенмелерди ишке ашыруу маселеси турат. Биз өлкөнүн шаарлары, райондору, айылдарындагы социалдык жана инфраструктуралык долбоорлоруна инвестициянын кошумча көлөмүн тартуу үстүндө күч-аракеттерибизди бириктирүүбүз керек. Тийиштүү долбоорлорду иштеп чыгууда жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен долбоорлор тууралуу сүйлөшүүлөрдө аталган багытка басым жасалышы керек», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Талкуу жыйынтыгы боюнча Өкмөттүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин мүчөлөрү каралган жети долбоордун бешөөнү жактырышып, ал эми эки долбоорду айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен толуктап иштеп чыгуу үчүн артка кайтаруу чечимин кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий