• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өкмөттө инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу чаралары талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаровдун төрагалыгы алдында инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу боюнча чаралардын долбоору сунушталган жумуш жыйыны өттү.

Замирбек Аскаров баса белгилегендей, Өкмөт республиканын экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө, буга байланыштуу өлкөбүздүн инвестициялык жагымдуулугун арттыруу боюнча чараларды кабыл алуу өтө маанилүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек уулу Адылбек инвестициялык жагымдуулукту өстүрүү чаралары тууралуу баяндама жасады.

Өз сөзүндө ал учурдагы инвестициялардын өзүн-өзү актоосун жогорулатууну сунуштады. Ал белгилегендей, төмөнкү рентабелдүүлүк дивиденддердин төмөн деңгээлин билдирет, бул өз кезегинде инвестициялардын төмөн деңгээлин көрсөтөт.

Акча-насыялык рыноктон акырындык менен чыгуу жана маанилүү ресурстар бар капиталдык рынокко кирүү сунушталды.

Кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү сунушталган чаралар пакети боюнча өз пикирлерин жана сунуштарын айтышты.

Сөз сүйлөгөндөр салынган инвестициялардын кирешелүүлүгүн төмөндөтүүгө алып келген чыгашалардын чени жок өсүүсүн чектеген ченемдердин жоктугун белгилешти. Көпчүлүк ишканалардын уставдык капиталы 1000 сом деңгээлинде турат, ошол эле учурда бул ишканалардын айлануулары көбүнесе миллиондогон сомдон ашат. Технологиялык стандарттар боюнча так жана айкын ченемдерди киргизүү акционерлерге алардын салууларынын кирешелүүлүгү тууралуу объективдүү маалыматтарды берүүнү шарттайт.

Талкуулардын жыйынтыгында вице-премьер-министр инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу боюнча жалпылоо жана тиешелүү чаралардын топтомун киргизүү үчүн сунуштарды Экономика министрлигине жөнөтүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий