• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөттүк акселераторлор. Үйдө ачылган бала бакчаларга минималдуу талаптар бекитилди

Коом 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин “Өкмөттүк акселераторлор” ыкмасы боюнча реформалоонун 100 күндүк программасын ишке ашыруунун алкагында КР министрлер кабинети жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын жана кызматкерлердин коопсуздугу үчүн минималдуу өрт-санитардык чаралар бекитилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү алдын алуу башкармалыгынын башчысы Акылбек Расулов билдирди.

Анын айтымында, жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуусу үчүн өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча минималдуу талаптар 37 пунктту камтыйт.

Негизгилери:

3.1. Өрт болгон учурда адамдарды эвакуациялоо пландары имараттын көрүнүктүү жерлерине илинип, планда эвакуация чыгуучу жерлерди жана аларга баруучу жолдорду, өрт болгон учурда персоналдын иш-аракеттери боюнча инструкцияларды, балдар чогула турган жерди жана персонал, өрт өчүрүүчү жабдуулар жана сигнализация үчүн орундарды көрсөтүү менен илинет.

Ошондой эле балдарда өрт коопсуздугунун туруктуу көндүмдөрүн калыптандыруу максатында бөлмөнүн көрүнүктүү жерине "Өрт коопсуздугу бурчу" илинет;

3.2.Эвакуцация чыгуучу жерлер авариялык жарыктандырууга (эгерде бар болсо) туташтырылган тиешелүү "ЧЫГУУ" белгиси болууга тийиш;

3.4. Жеке ишкерлер тарабынан көрсөтүлүп жаткан мектепке чейинки билим берүү кызматы төмөнку балдардын санына жараша ишке ашырылышы керек:

– жеке турак үйлөрдөгү бала бакчаларда балдардын саны бир кызматкерге 8 бала эсеби менен бекитилет;

– көп батирлүү турак жайларда 10 баладан ашпоого тийиш, ал эми жашы жете элек (ымыркай) курактагы балдар көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаттарына гана жайгаштырылышы керек.

Менчигиндеги же ижарага алынган, 2-кабаттан көп эмес, балкондору, кошумча бөлмөлөрү жана эки жактуу багыты бар, даярдоо курагындагы балдар үчүн авариялык чыгуулар болгон батирди пайдаланууга жол берилет.

Өз кезегинде Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо, медициналык жана фармацефтикалык кызмат башкармалыгынын башчысы Зинат Бейшебаеванын айтымында, үйлөрдөгү бала бакчаларда балдардын болуусу үчүн шарттардын коопмсуздугу боюнча минималдуу санитардык талаптар өзүнө 30 пункту камтыйт.

Негизгилери:

1.2. 25 балага чейинки жеке менчик үйлөрдө жана 10 балага чейинки көп кабаттуу үйлөрдө (батирлерде) жеке ишкерлер тарабынан көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууга ушул санитардык талаптар;

3.1. Төмөнкүдөй жайлардын жана (же) орундардын комплекси берилет:

– окуучулардын тыш кийимдерин жана бут кийимдерин өзүнчө сактоо үчүн шкафтар же илгичтер менен жабдуу;

– балдардын ойноосу үчүн ойноо аянтчасы, ал көп орундуу жана жылдырууга мүмкүн болгон керебеттержабдылган уктоочу бөлмө, андан тышкары ичүү режимин уюштуруу менен балдардын тамактануучу бөлмөсү менен бириктирилген болушу мүмкүн;

– кабыл алуу жана (же) тамак-аш даярдоо үчүн жайдын аянты бир орунга 0,7 м2ден кем эмес болушу керек. Орундардын саны бардык балдар бир убакта тамактануусун камсыз кылууга тийиш;

– тамак бышыруу, тамак-ашты сактоо, идиш-аяктарды жуу жана сактоо үчүн ашкана раковиналар, маркировкаланган жана кесүүчү жабдуулар жана ашкана шаймандары менен жабдылышы керек;

– балдардын уктоосун уюштурууда жеке төшөнчүлөр болушу керек. Оюн бөлмөсүндө, уктоочу бөлмөдө же ашканада кийимдерди жана бут кийимдерди кургатууга жол берилбейт;

– кир жуугуч машинаны менен кийим-кече сактоо үчүн жай (балдардын уйкусун уюштурууда);

– балдардын боюна ылайыкташкан унитаз жана 3 жашка чейинки балдар үчүн индивидуалдуу горошоктордун болуусу;

– топтун персоналы балдар менен биргеликте туалетти жана жуунуучу жайды бирге колдонууга уруксат берилет;

– ар бир бала кол аарчы менен камсыздалууга тийиш, бир жолу колдонуусу кол аарчы колдонууга уруксат берилет.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда ушул жылдын март айында башталган Өкмөттүн акселераторлорунун методологиясынын негизинде 100 күндүк реформа программасынын алкагында балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тартууну эки эсеге көбөйтүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда.

Программанын максаты – Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоону эки эсеге көтөрүү – аталган программанын негизги милдеттеринин бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий