• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөттүк делегациянын башчысы Ташиев Ынтымак айылынын калкы менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегациянын башчысы – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл округунун Ынтымак айылынын калкы менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда Өкмөттүк делегациянын башчысы Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) үстүбүздөгү жылдын 25-мартында өткөн өкмөттүк делегациялардын биргелешкен кеңешмесинде кол коюлган №34 Протоколдун бардык пункттары, анын ичинде Кемпирабад суу сактагычынын тегерегиндеги 50 га жерди алмашуу тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Савай айыл округунун тургундары Кемпирабад суу сактагычынын аймагындагы суу ресурстарын, мал жайытын бөлүштүрүүгө байланыштуу бир катар маселелерди көтөрдү.

Өз кезегинде Камчыбек Ташиев белгилегендей, кыргызстандыктардын суу сактагычка толук жеткиликтүүлүгү бар жана бул пункт эки тараптуу келишим тууралуу протоколдо так жазылган.

«Суу ресурсу тургундарга толук жеткиликтүү болот. Силер балык уулап, суу алып, мал сугара аласыздар. Бул протоколдо өзүнчө пункт аркылуу бекитилген», - деп кошумчалады Камчыбек Ташиев.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кемпирабад суу сактагычынын жанындагы Шарихансай каналынын башталышындагы 20 га жерди №34 Протоколдо көрсөтүлгөн 50 га жердин ордуна алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн кароо чечими кабыл алынды.

Камчыбек Ташиев билдиргендей, өзбек тарап менен кезектеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ал кесиптештери менен Кара-Суу районундагы Савай айыл округунун Ынтымак айылындагы калган 30 га жерди өзүбүздө сактап калуу маселесин талкууламакчы.

Пикир

Оставить комментарий