• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өкмөттө КР Президентинин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялоо жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу талкууланды

Өкмөт 0


Бишкек, 15.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 15-январда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялоо тууралуу Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чараларды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, республиканын калкы жашоо сапатынын реалдуу өзгөрүүсүн сезүүсү үчүн облустарды ырааттуу өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Сапар Исаков аймактарды өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкуулоо боюнча үзгүлтүксүз кеңешмелердин алкагында бардык облустар боюнча иш-чаралар планы бекитилгендигин эскертти.

Премьер-министр аталган пландардагы каралган иш-чаралардан тышкары кошумча чараларды кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын сапаттуу ишке ашырууну камсыздоо, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын республикалык бюджетине тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгын белгледи.

Буга байланыштуу Өкмөт башчы маалымдагандай, тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлүп, ал тыкыр иш-аракеттер планын иштеп чыгат. Ошондой эле Сапар Исаков белгилегендей, Бишкек жана Ош шаарларында «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу жыйынтыкталган соң, ал өлкө аймактарында да ишке ашырылмакчы.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев маалымдагандай, Премьер-министрдин мурдагы берилген тапшырмасына ылайык, өлкө аймактарынын социалдык инфраструктуралык жана санитардык абалын жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйрук долбоору иштелип чыккан, ага ылайык, республиканын шаарларынын жана калктуу пункттарынын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, санитардык тазалоодон өткөрүү боюнча бир катар иш-чаралар каралууда.

Тактап айтканда, көчөлөрдү жана короо-жайларды тазалоо, турак-жай жана административдик имараттардын тышкы көрүнүшүн тартипке келтирүү, көчөлөрдү түнкүсүн жарыктандыруу, жол жээктерин тартипке келтирүү, көрктөндүрүү, мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүү, калктуу пункттарды массалык жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүү, муниципалдык жолдорду, социалдык тармак обьектилерин жана айылдык инфраструктураны оңдоо боюнча ишембиликтерди өткөрүү пландаштырылууда.

Премьер-министр Сапар Исаков белгилегендей, иштин натыйжалуулугун жана сапатын арттыруу, ошондой эле облус жетекчилери арасындагы атаандаштык элементин түзүү максатында, өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча аймактардын рейтинги түзүлөт, натыйжада, уюштуруучулук жыйынтыктары чыгарылмакчы.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга мектептерди компьютердик техника менен камсыздоо жана билим берүү мекемелеринин бүткөрүлбөгөн имараттарын жыйынтыктоо иштерин тездетүүнү тапшырды.

Буга катар Сапар Исаков аймактардагы ооруканалар ырааты менен Бишкек шаарындагы Улутук онкология борборунун мисалында капиталдык реконструкциядан өткөрүлөөрүн белгиледи.

Мындан тышкары Премьер-министрдин айтымында, бардык айылдык медициналык мекемелерде биринчи кезекте лифттерди орнотуу жана дааратканаларды куруу мүмкүндүгүн кароо зарыл.

Өкмөт башчы бардык тийиштүү мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялоо тууралуу Жарлыгын талаптагыдай ишке ашыруу боюнча максималдуу күч-аракетти жумшоосу зарылдыгын баса белгиледи

Пикир

Оставить комментарий