• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөттө КРнын 2017-2020-жылдарга аймактарды өнүктүрүү саясаты Концепциясынын долбоору сунушталды

Өкмөт 0

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. Аймактык саясаттын негизги максаты- калктын турмуш шартынынын деңгээлин жогорулатуу үчүн аймактарды экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүү менен камсыз кылуу,-деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-февралда Кыргыз Республикасынын 2017-2020-жылдарга аймактарды өнүктүрүү саясаты Концепциясынын долбоорунун бет ачаарында. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков долбоор Кыргыз Республикасынын 2013-2017 жылдарга Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын алкагында иштелип чыкканын эскертти.

«Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн шаарларда жана райондордо жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, коомдук уюмдардын жана эксперттердин катышуусунда көчмө жыйындар өткөрүлдү. Ушундан улам долбоордун концепциясы биздин аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн жана сунуштарын эске алуу менен иштелип чыкты», – деди Өкмөт башчы.

Ал белгилегендей, долбоордо аймактарды өнүктүрүүдө өнүгүүгө негиз болгон айылдык пункттар тандалып алынды.

Долбоор менен Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев тааныштырды. Анын маалыматында Концепцияда тандалган аймактардын негизинде базалык борбор түзүү үчүн алгачкы 20 – Бишкек, Ош, Каракол, Балыкчы, Нарын, Кочкор, Токмок, Кара-Балта, Талас, Исфана, Баткен, Кадамжай, Өзгөн, Кара-Суу, Сары-Таш, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Кербен жана Кочкор-Ата пилоттук шаар жана башка айылдык пункттар тандалып алынган. Бүгүнкү күндө Каракол жана Ош шаарларын өнүктүрүү долбоорлору аягына чыгуу алдында турат, Жалал-Абаддын программасы аяктап, учурда аны ишке ашырууга иш чаралардын планы аныкталууда.

Премьер-министр минитсрликтер менен ведомстволордун жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жетекчилерине 2017-жылдын 1-мартына чейин экономика министрлигине Кыргыз Республикасынын 2017-2020-жылдарга аймактарды өнүктүрүү саясаты Концепциясынын долбоору боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.

Экономика министрлигине келип түшкөн сунуштарды жалпылап, Кыргыз Республикасынын 2017-2020-жылдарга карата региондук саясат Концепциясын аткаруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун Өкмөттүн Аппаратына 2017-жылдын 10-мартына чейин киргизүүнү тапшырды.

Аймактык саясат Концепциясын бекиткенден кийин тандалган ар бир шаарга жана айылдык пунктка бизнес-пландоонун принциптери боюнча өнүктүрүү программасы иштелип чыгат. Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына региондорду өнүктүрүү боюнча тийиштүү программалардын андан ары даярдалышын жеке жоопкерчиликке алуу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий