• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөттө кыргыз-катар кызматташтыгы талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.18. /Кабар/. Бүгүн, 28-февралда, Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Санжар Мукамбетов менен Катардын Тышкы иштер министрлигинин башкы катчысы Ахмат бин Хассен Аль Хаммадинин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

ТИМдин башкы катчысы Кыргызстанга эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 20 жылдыгына туш келген Алгачкы ТИМ аралык саясий консультацияларга катышуу үчүн келген. Вице-премьер-министр конок менен учурашууда, Кыргызстан Катар менен түзүлгөн достук мамилелерди баалай тургандыгын белгиледи.

«Сиздин сапарыңыз биздин соода-экономикалык мамилелерибизге кошумча дем берет. Учурдагы өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү азырынча эки өлкөнүн бүтүндөй мүмкүнчүлүгүн камтый элек. Биз сиздин сапарыңызга жана биздин мамилелерибиздин мындан аркы өнүгүүсүнө чоң үмүттөрдү артып жатабыз», – деди ал.

Ошондой эле С.Муканбетов эки өлкө ортосундагы келишимдерге, анын ичинде балдар онкологиялык ооруканасын курууга тийиштүү маселелерди козгоду.

«Катардын Кыргызстандагы элчилигинин дарегине мурдараак Бишкек шаарындагы балдар онкологиялык ооруканасын куруу долбоору берилген. Аталган долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө айныксыз салымын кошот. Андыктан учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бул маселеге жеке көңүл бурууда», – деп белгиледи ал.

Өз кезегинде Ахмад бин Хассен Аль Хаммади маалымдагандай, аталган долбоор макулдашуунун бардык баскычтарынан өткөн жана катардык тарап жакынкы арада аталган маселени кароо жыйынтыгы тууралуу жооп берүүгө даяр.

Ошондой эле тараптар Кыргыз Республикасындагы соода-логистикалык борборлорунун курулушу, Бишкек жана Доха ортосундагы түз авиакаттамды ачуу, банк тармагындагы кызматташтык, базалык долбоорлорду каржылоо үчүн биргелешкен инвестициялык фондду түзүү боюнча сунуштарды талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий