• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөттө мамлекеттик мүлктү башкаруу натыйжалуулугун жогорулатуу чаралары иштелип чыкты

Өкмөт 0

Бишкек, 13.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков мамлекеттик ишканаларды башкаруу тутумун реформалоо чараларын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Маалыматта айтылгандай, өкмөт башчы алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында стратегиялык пландаштырууну иштеп чыгуунун өзгөчө маанисин белгиледи. Премьер-министрдин айтымында, бүгүнкү күндө көптөгөн мамлекеттик ишканаларда төмөнкү экономикалык көрсөткүчтөр байкалууда, ал негизинен компаниялардын начар менеджментине байланыштуу келип чыгууда.

Кыргыз Республикасынын экономика министри Артем Новиков мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатындагы негизги көйгөйлөргө кенен токтолду. Анын айтымында, алардын катарына мамлекеттик ишканалардагы натыйжалуулуктун төмөндүгү жана алардын чыгашалуулугу, көзөмөлдөөчү тармактык мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү көзөмөлдүн жоктугу, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу борбордук ченемдик-укуктук жөнгө салуунун, мамлекеттик компаниялардагы экономикалык негизделген саясаттын жана стратегиянын ж.б. жоктугу кирет.

Артем Новиков кошумчалагандай, Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча, көйгөйлөрдү чечүү үчүн Экономика министрлиги тарабынан иштеп жаткан мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам демилгелеринин пакети даярдалып, мамлекеттик мүлктү башкаруу натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жаңы ченемдик-укуктук актылардын долбоору иштелип чыккан.

Тактап айтканда, аталган демилгелер аркылуу тармактык мамлекеттик органдардын жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнгча фонддун функцияларынын так ажыратылышы, мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик компаниялардын жетекчилерин тандоо жана дайындоо механизмдерин кайрадан карап чыгуу, мамлекеттик мүлктү башкаруу жыйынтыктарын баалоо механизмдерин киргизүү жана муниципалдык менчикке берилген мамлекеттик менчикти ажыратуу боюнча жагымсыз тажрыйбаны жоюу каралууда.

Мындан тышкары, тармактык холдинг компанияларын түзүү ыкмасы аркылуу мамлекеттик компанияларды башкарууну борборлоштурууну ишке ашыруу сунушталууда.

Буга катар экономика министри кошумчалагандай, аталган бир катар демилгелер Өкмөтүн Аппаратынын кароосуна киргизилген, калгандары мамлекеттик органдар менен макулдашылууда.

Премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик ишканаларды башкаруу жаатында коррупциялык тобокелдиктерди четтетүү максатында жогоруда аталган демилгелерди тездетүүнү, ошондой эле мамлекеттик ишканалардын финасылык-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн ири аудитордук команияларды тартуу мүмкүндүгүн карап чыгууну тапшырды.

Өкмөт башчы белгилегендей, бул компаниянын ишиндеги обьективдүү кемчиликтерди аныктоого, алардын потенциалын жогорулатууга жана көйгөйлөрдү чечүү боюнча мындан аркы чараларды кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгүнүн жана кирешесинин ачыктыгын жогорулатуу максатында башкаруучу компанияларды алардын ишин администрациялоого тартуу мүмкүндүгүн карап чыгуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий