• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өкмөттүн 100 күндүк биринчи кезектеги чаралар планы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 27.02.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык стабилдиүүлүктү жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча биринчи кезектеги чаралар планын бекитти.

Биринчи кезектеги чаралар планы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашырууга багытталган.

Документ 50 иш-чарадан турат жана аны аткаруу мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин деп көрсөтүлгөн, алардын ишке ашырылышы төмөнкү багыттарда олуттуу жакшыртууларга жетишүүгө мүмкүндүк берет:

- Калк үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, мында негизги басым калкка электрондук форматтагы мамлекеттик кызмат жана тейлөө көрсөтүүнүн санын жана сапатын жогорулатууга жасалган;

Аталган багытты ишке ашыруу алкагында Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү электрондук жалпы жарандык паспортторун, электрондук ID-карттарды, электрондук айдоочунун күбөлүгүн, транспорттук каражатты каттоо жөнүндө электрондук күбөлүгүн ишке киргизүү пландаштырылууда.

Буга катар 2021-жылдын 1-майынан 31-августуна чейин Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категориясына акысыз ID-карт берүү боюнча улуттук кампанияны өткөрүү пландаштырылууда;

- Бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

Аталган багыттын маанилүү блогу катары инвесторлор жана бизнестин коопсуздугун камсыздоо үчүн шарттарды түзүү, бизнесмен жана инвесторлорду сотко чейинки өндүрүш стадиясында камакка алуу мүмкүндүгүн четтетүү, экономикалык мүнөздөгү иштерди кароодо айкындыкты жана обьективдүүлүктү жогорулатуу жаатындагы бизнестин укук коргоо жана сот органдары менен аракеттешүүсү болуп саналат.

Аталган багыттын алкагында курулуш жана архитектура тармагындагы «Бирдиктүү терезе» жана көп функционалдуу ишкерлерди тейлөө борборунун ишинин, бажы жана салык тармактарындагы процесстерди автоматташтыруу эсебинен административдик тоскоолдуктарды кыскартуу жана бизнес жүргүзүү процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча чаралар каралган.

Ошондой эле аталган багытта электрондук форматтагы экспорттук-импорттук операцияларда «Бирдиктүү терезе» маалыматтык тутумун ишке киргизүү жана «Бир аялдама» принциби боюнча товарларды экспорттоодо өткөрүү пункттарындагы ветеринардык, фитосанитардык жана санитардык контролдоо процессин четтетүү жолу аркылуу тышкы соода тармагындагы чаралар пландаштырылууда.

- Пландын айрым багыттары боюнча коомчулуктагы актуалдуу маселелер жана токтоосуз чечимдерди талап кылган чаралар боюнча калк менен кайтарым байланышка багытталган иш-чаралар аныкталган;

Бул багыт боюнча республиканын айылдарында ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун куруу жана реабилитациялоо жаатындагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда.

- Калкты вакцинациялоо, республиканын мектептеринде жана мектепке чейинки мекемелеринде корновирустук инфекцияга жол бербөө жана анын жайылышынын алдын алуу боюнча профилактикалык чараларды күчтөндүрүү, дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды чыгарууга убактылуу тыюу салуу боюнча маселелерди чечүү;

Мындан тышкары, социалдык маанилүү айыл чарба товарларынын, тамак-аш азыктарынын тийиштүү корун камсыздоо жана аларга карата бааны кармоо боюнча бир катар чаралар пландаштырылууда.

Пландын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жоопкерчилиги аныкталган. Ал аткарылбаган учурда мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилеринин жана жоопкерчиликтүү жактарынын жеке жоопкерчилиги каралган.

Буйруктун толук тексти менен төмөнкү шилтемеаркылуу таанышууга мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий