• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө өкмөт башынын отчетун угуу 25-апрелде улантылат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.04.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин бүгүн, 24-апрелде өткөн жыйынында Өкмөттүн 2018-жылы жүргүзгөн иши жөнүндө премьер-министрдин отчету угулду.

Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты.

Жыйын жүрүшүндө Өкмөттүн өткөн жылдагы иши тууралуу кеӊири маалымат берген өкмөт башы Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттардын көптөгөн суроолоруна жооп берип, алардын Өкмөттүн ишин жакшыртуу жаатындагы ой-пикирлерин укту.

Талкууга жазылган депутаттарга убакыт жетпей калгандыктан, отчеттуу талкуулоо жол-жоболорун эртеӊ, 25-апрелде өтө турган жыйында улантуу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий