• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөт Абылгазиевдин «Верный капитал» жана «Скай Мобайл» компанияларынын өкүлдөрү менен жолуккандыгы тууралуу тараган маалыматка байланыштуу жооп берди

Өкмөт 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Социалдык тармактарда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин «Верный капитал» жана «Скай Мобайл» компанияларынын өкүлдөрү менен жолуккандыгы тууралуу тараган маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү жолугушуунун стенограммасы боюнча маалымат берет.

2020-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиевдин жана Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлеринин «Верный капитал» компаниялар тобунун башкы директору жана өнөктөшү Ерлан Оспанов жана «Скай Мобайл» ЖЧКсынын башкы директору Евгений Кражан менен Кыргыз Республикасындагы «Скай Мобайл» компаниясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер боюнча жолугушуусу өткөн.

Жолугушуу учурунда негизинен салык жана радио жыштыктар маселелери талкууланды. Анын ичинде салык кызматынын жана компаниянын ортосунда талаштуу болгон роумингге жана резидент эместердин кирешесине КНС кошуу маселеси бар. Бул талаш мыйзам менен белгиленген тартипте каралууга тийиш жана Өкмөт соттук процесстердин ишмердүүлүгүнө кийлигишпейт.

Ошондой эле «Скай Мобайл» компаниясынын радио жыштыктарды сатып алуу темасы да козголду.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев радиожыштыктар мамлекеттин активи болуп саналары жана мамлекет жыштык ээси катары пайда көрүүчү болушу керектиги тууралуу позициясын билдирди.

«Ала-ТВ кайсы бир учурда бул жыштыкты минималдык баада сатып алган, а бүгүн анын наркы алда канча жогору. Биз жыштыкты сатуу ачык сынак аркылуу ишке ашырылышы керек деп эсептейбиз», - деди вице-премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий