• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөттүн айрым мүчөлөрү кызматтан бошотулду. Жарлыкка президент кол койду

Президент 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүн кызматтан бошотуу тууралуу» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, кызматтарынан бошотулду:

— Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Асрандиев Эркин Шамшудинович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Мадумаров Акрам Камбаралиевич мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Темиралиев Таалайбек Асанбекович мурда жүктөлгөн Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси — Кыргыз Республикасынын министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Айдарбеков Чыңгыз Азаматович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Жээнбаева Бактыгүл Жаныбековна мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын каржы министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Бейшенов Жанат Саматович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Аскаров Замирбек Марипбаевич мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Исаков Каныбек Абдуваситович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Жунушалиев Кашкар Астаканович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Абдикаримов Сабиржан Токтосунович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Жаманкулов Азамат Капарович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Осмонбетов Эмил Кубатович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынын милдеттерин аткаруудан.

Пикир

Оставить комментарий