• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өкмөттүн аппаратынан ченемдик укуктук актыларынын тексттеринде кеткен катага байланыштуу түшүндүрмө беришти

Өкмөт 0

Бишкек, 01.05.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тексттеринде ката кеткендиги тууралуу социалдык тармактарда чыккан маалыматтарга тийиштүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет.

Тексттердеги грамматикалык жана стилистикалык каталар – бул телефондук жабдуудагы же компьютердеги автоматтык котормонун кемчилдиги болуп саналат. Мындай катачылыктар электрондук жабдууларында башка тилге которуу функциясы күйгүзүлгөн колдонуучуларда кездешүүсү мүмкүн.

Мындай «каталарга» жол бербөө максатында электрондук жабдууларда башка тилге которуу функциясын (Google Translate) өчүрүп коюу сунушталат.

Муну менен бирге социалдык тармактардын айрым колдонуучуларынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда коңшу өлкөлөрдүн ченемдик укуктук актыларын колдонору тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Кыргыз Республикасынын министрликтеринде жана ведомстволорунда юриспруденция жаатында жогорку квалификациялуу адистер иштешет, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизилген бардык ченемдик укуктук актылар бир катар, анын ичинде укуктук жана лингвистикалык экспертизадан өткөрүлөт. Ошентип, социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучулары ырастагандай, ушул сыяктуу, айрыкча одоно каталары менен ченемдик укуктук актылардын чыгарылышы мүмкүн эмес.

Пикир

Оставить комментарий