• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өкмөттүн аппаратынын бөлүм башчысы Араев 12-январга чейин камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев 12-январга чейин камакка алынды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Араев УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалат.

Эске сала кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жана Аскер прокуратурасынын мекемелер аралык ыкчам тергөө тобу айрым мамлекеттик органдардын жана өкмөттүн аппаратынын кызмат адамдары тарабынан радиожыштыктарды сатып алуу-сатуу боюнча келишим түзүүдө жана аларды пайдаланууга лицензияны кайра берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат. Азамат Араев аталган иштин алкагында кармалган.

undefined

Пикир

Оставить комментарий