• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Лейлек районундагы жер көчкү коркунучу бар тилкелер менен таанышты

Аймак 0

Ош, 11-апрель /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев Лейлек районундагы жер көчкү коркунучу бар Катран жана Өзгөрүш айылдырындагы тилкелер менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, учурда жер көчкү коркунучу бар аймактагы 11 үй-бүлөгө жаңы үйдүн курулушуна ссуда берилип, алардын төртөө жаңы үйлөргө көчүп кетишти. А.Халмурзаев тиешелүү жетекчилерге калган 7 үй-бүлөгө үй курууга жер тилкелерин бөлүп берүүнү тапшырды.

Ошондой эле, өкмөттүн өкүлү 9-апрелде жер көчкөн Исфана-Сүлүктү унаа жолунун 14-чакырымындагы иштердин жүрүшү менен таанышты. Учурда бул жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, А.Халмурзаев Кадамжай районунун Чаувай айылындагы жер көчкү жүрүү коркунучу бар тилкелер менен таанышып, жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Аз камсыз болгон 4 үй-булө үчүн жалпы суммасы 500 миң сомдук материалдык колдоо көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий