• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүндө китепкана уюшулду

Аймак 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. 14-февраль китеп тартуулоонун эл аралык күнүнө карата, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратында, жаштардын “Бир адамдан бир китеп” долбоорун колдоо менен китепкана уюшулду. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Китепкана өкүлдүн орун басары Чынара Саттарованын демилгеси менен уюшулуп, аны түзүүгө ар бир кызматкер салым кошуп, түрдүү адабияттарды алып келишти.

Китепкана уюштуруунун максаты - кызматкерлерди китеп окууга үндөө, бул жаатта коомго үлгү көрсөтүү.

Чынара Саттарова, жашообузда интернеттин пайда болушу, техниканын өнүгүшү, китеп окууга жолтоо болбошу керек. Китеп окуу, адамга креативдүү, оратор болууга жардам берүү менен, жан дүйнөсүн байытып, депрессиядан сактайт деп белгилеп, ар бир кызматкер айына бирден китеп окуу сунушун айтып, бул демилгени аппарат кызматкерлери колдоого алды.

Пикир

Оставить комментарий