• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Исфана шаарында күндүзгү стационар үчүн 40 орун даярдалды

Аймак 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Исфана шаарында күндүзгү стационар үчүн 40 орун даярдалды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Ассафа-Борбору” кайрымдуулук фонду Лейлек районунун Исфана шаарындагы Ак-Чыйыр билим берүү борборунун базасында,кооптуу илдет менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүү максатында, күндүзгү стационарлар үчүн, бардык шарты бар 40 орундуу жай даярдады.

Аталган уюм бул жайда эмгектенген медициналык кызматкерлерди коргонуучу каражаттар, тамак аш менен да камсыздашат.

Ошондой эле бейтаптар биринчи кезекте керектелүүчү медициналык каражаттар менен да камсыздалат.

Пикир

Оставить комментарий