• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Халмурзаев Ак–Сайдын эли менен жолукту

Аймак 0

бишкек, 26.03.19. /Кабар/. Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Абиш Халмурзаев Ак–Сайдын эли менен жолугуп, суроолоруна жооп берди.

Жолугушууда айыл тургундары алардагы орто мектеп оңдоп-түзөөгө муктаж экендигин жана мектеп окуучуларынын заман талабына жараша билим алуусу үчүн компьютердик класс ачуу зарылдыгын белгилешти.

Ыйгарым укуктуу өкүл билдиргендей, мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча тийиштүү жерлерге сунуш берилген. Андан тышкары, ал компьютер менен жабдылган атайын окуу бөлмөсүн ачуу боюнча маселени көзөмөлүнө алаарын белгиледи.

Ошондой эле айыл жашоочулары кыз-келиндерди жумуш орундары менен камсыздоо зарылчылыгын айтып, кондитердик, тигүү цехи өңдүү чакан ишканалар ачылса деген ойлорун билдиришти.

Абиш Халмурзаев белгилегендей, чек ара айылдарынын инфраструктурасын, элинин жашоо шартын жакшыртуу иштери облусту өнүктүрүүнүн негизги багыттары болуп келет. Бул багытта инвестиция тартуу боюнча иштер жүрүүдө. Кошуна Өзбекстандын чектеш облустары менен кызматташуу максатында биргелешкен ишканаларды ачуу пландары иштелип чыгууда.

Айыл тургундарынын айтымында, Бакай жаңы конушунда таза суу жана сугат маселелери бар. Абиш Халмурзаев бул маселе менен жеринде таанышуу үчүн жаңы конушка суу алынуучу жерге барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана облустук, райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчилерине тийиштүү тапшырмаларды берип, суу маселесин чечүүнү тапшырды.

Айыл элинин ар бир суроосуна облустук мекеме, ишканалардын жетекчилери жооп берип, бир катар маселелерди жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий