• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү коопсуздук жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңешме өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 26.02.20./Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов коопсуздук жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Кеңешмеге район шаар башчылары, облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Анда облустагы коомдук саясий абал, чек ара коопсуздугу, коомдук алдын алуу борборлорунун ишмердүүлүгү каралды.

Жыйында кылмыштуулукту, коомдук тартипти, коопсуздукту сактоо, чыр-чатактардын алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү тапшырылды.

Ыйгарым укуктуу өкүл айыл элинин маселелерин айыл өкмөттүн, район шаардын деңгээлинде чечүүгө жетишүү зарылдыгын белгиледи. Анткени жергиликтүү деңгээлде чечилүүчү маселелер облустук, республикалык маселеге айланып, эл арасында нааразы пикирлерди пайда кылган учурлар орун алууда. Бул жаата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып барууну тапшырды.

Ошондой эле чек аралаш аймактагы чыр-чатакка себеп болгон көйгөйлөрдү жоюунун үстүндө иш алып баруу милдеттендирилди. Тагыраагы буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттөр аралык комиссиясынын жетишилген макулдашуусуна ылайык, кол коюлган протоколдогу, жергиликтүү бийликке белгиленген тапшырмаларды аткаруу тапшырмасын койду.

Пикир

Оставить комментарий