• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Кызыл-Кыя жана Кадамжайдын эли менен жолукту

Аймак 0

Ош, 21.01.19. /Кабар/. КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Кызыл-Кыя жана Кадамжай райондорунун эли менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөттүн өкүлү 2018-жылы Баткен облусунун аймагында жасалган иштер тууралуу маалымат берди. Жергиликтүү калк тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү жеринде чечүү максатында жолугушууга бир нече жетекчилер да катышкан.

Кызыл-Кыя шаарынын тургундары Халмурзаевге мамлекеттик ооруканаларда заманбап технологиялардын жетишсиз экендигин айтышты.

Өкмөттүн өкүлү билдиргендей, жакынкы арада Кызыл-Кыянын ооруканасына жаңы УЗИ жүргүзүүчү жабдуулар алынып келинет.

Укук-коргоо органдары болсо өз кезегинде чогулгандарга 2019-жылдын 1-январынан тарта кайсыл мыйзамдар күчүнө киргендиги тууралуу айтып беришкен.

А.Халмурзаев Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир нече шаар тургундарына “Ала-Тоо мекенчил инсандар” коомдук фондунун төш белгилерин тапшырган. Ал эми шаардын мэри Эрмекбай Топчубаевге – КРнын Чек ара кызматынын 15 жылдыгы аттуу медалын ыйгарган.

Андан тышкары Халмурзаев Кадамжай районунун Кыргыз-Кышта айылында эки кичи-футбол талааларынын ачылышына катышкан жана курулуп жаткан 275 орундуу мектептин курулушу менен таанышкан.

Пикир

Оставить комментарий