• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Тажикстандын элчиси менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов Тажикстандын КРдагы элчиси Назирмад Ализода менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Өкүл Алишер Абдрахманов өз сөзүндө, элчи Назирмад Ализоданы Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүк, коңшулаштык мамилени бекемдөөгө багытталган ишине ийгилик каалады.

“Кыргыз-тажик эли бир тууган эл. Баскан жолубуз, ичкен суубуз, базарыбыз бир элбиз. Тилибиз башка болгон менен динибиз, дилибиз бир элбиз. Баарыбыз ынтымакты, тынчтыкты каалайбыз. Ал эми айрым учурларда эки элдин ортосунда жаралып жаткан айрым маселелер сөзсүз чечилет. Анткени, бул үчүн эки тарап тең кызыкдарбыз. Бул жаатта жумуштар жандуу жүрүп жатканы баарына маалым”, - деп кошумчалады өкүл.

Элчи Назирмад Ализода, Алишер Абдрахмановду да жаңы кызмат орду менен куттуктап, жооптуу ишине ийгиликтерди каалоо менен, алдыда эки өлкөнүн чек аралаш жайгашкан аймактарында жаралган маселелерди, орун алган айрым окуяларды биргелешип чечүү, пикир келишпестиктердин алдын алуу боюнча тыгыз кызматташтыкта иш алып барууга ынтызар экенин билдирди.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш жайгашкан Баткен-Согди облустары ортосунда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелерин талкуулап, чек аралаш аймактарда жашаган жергиликтүү элдин кошуналык мамилесин калыптандыруу, эки өлкөнүн чек арасын тактоо жумуштарын илгерилетүүгө көмөктөшүүнү макулдашып, Баткен облусу менен Тажикстандын аймагында жашап калган этникалык кыргыздар менен этникалык тажиктердин жашоо турмушу тууралуу да пикир алмашышты.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 50 минден ашуун этникалык тажиктер жашайт. Анын 35 миңден ашууну Баткен облусунун аймагында жашап келишет. Алар Лейлек районунун Андарак айылында, Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында жана Айдаркен шаарында жайгашып калышкан. Алар үчүн тажик тилинде билим берген 7 мектеп иштеп келет.

Белгилей кетсек Кыргызстан менен Тажикстандын дипломатиялык мамилелери 1993-жылы 14-январда башталган.

Пикир

Оставить комментарий