• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү: Жарандарды расмий билдирүүлөргө гана ишенүүгө чакырабыз

COVID - 19 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. "Баткенде эл арасында коронавирус боюнча жалган маалыматтар таратылып жатат. Жарандарды расмий билдирүүлөргө гана ишенүүгө чакырабыз", - деп билдирет өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү.

"Азыркы учурда социалдык тармактарда Баткен облусунда коронавирус жок, изоляциядагы жарандардын анализи таза чыгып, алар үйлөрүнө жиберилди, аймакта карантин аяктады деген деген маалыматтар туура эмес. Коронавирус оорусуна байланышкан маалыматтарды республикалык жана облустук штаб таратып, алар расмий массалык маалымат каражаттарынан гана маалымдалат. Ошондуктан бул сыяктуу социалдык тармактарда тараган маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, азыркы учурда Баткен облусунда коронавирус оорусуна чалдыккан бир учур аныкталган жана ал жаран тиешелүү дарылоодон өтүп жатат.

"Ал эми изоляциядан азырынча эч ким чыгарыла элек. Аймакта өзгөчө кырдаал режими сакталып, санитардык карантиндик посттор күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Жалган маалымат тараткан жарандар боюнча учурда укук коргоо органдары иштеп жатат. Алар мыйзам чегинде жоопко тартылат", - деп билдирет өкүлчүлүк.

Аны менен бирге өкүлчүлүк, жарандарга үйдө болушу керектигин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий