• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өкмөттүн Баткендеги жаңы өкүлү жалпы жамаатка тааныштырылды. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы жаңыдан дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов жалпы жамаатына тааныштырылды. Бул тууралуу Баткендеги өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Абдрахмановду КРнын вице-премьер министри Акрам Мадумаров тааныштырган.

Мадумаров ыйгарым укуктуу өкүлдүн жооптуу ишине ийгилик каалап, мындан ары да Баткен облусунун ар тараптуу өнүгүүсү, элинин бакубат жашоосу үчүн өкмөт тарабынан өзгөчө колдоолор болоорун билдирген.

Абдрахманов Алишер Орозбаевичтин - 1962-жылдын 30-августа Ош облусунун Баткен айылында төрөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий