• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өкмөттүн бир катар мүчөлөрүн кызматтан бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлык менен «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык:

— Мамытканов Максат Сүйүналиевич вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;

— Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;

— Сабиров Равшанбек Азатович вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;

— Аманбаев Бактыбек Абдилашимович Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси — министрдин кызматынан бошотулду;

— Мукашев Кыялбек Белекович Финансы министринин кызматынан бошотулду;

— Жаманкулов Марат Тургунбаевич Юстиция министринин кызматынан бошотулду;

— Муканбетов Санжар Турдукожоевич Экономика министри кызматынан бошотулду;

— Токтогазиев Тилек Мурсалиевич мурда дайындалган Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызматынан бошотулду;

— Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич Транспорт жана жолдор министри кызматынан бошотулду;

— Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович Маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан бошотулду;

— Солтонбекова Ализа Карыпбековна Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматынан бошотулду;

— Тердикбаев Эрлис Жекшенович Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду;

— Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду;

— Исмаилов Алтынбек Жапарович Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий