• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп Борубаев дайындалды — өмүр баяны

Кадр саясаты 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Борубаев Назирбек Нарматович Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Борубаев Назирбек Нарматович

Билими: Жогорку, Ташкенттеги ТИИИМСХ институтун инженер-жер пландоо адистиги боюнча аяктаган.

1969 - Лейлек районунун «Кара-Суу» сегиз жылдык мектебинде башталгыч класстын мугалими;

1975-1984 - «Кыргызгипрозем» институтунун Оштогу филиалында инженер, партиянын башчысы;

1984-1986 - Лейлек райондук айыл чарба башкармалыгында башкы инженер-жер пландоочу;

1986-1989 - Лейлек райондук элдик көзөмөл комитетинде инспектор;

1990 - партиянын Лейлек райондук комитетинде инструктор;

1992-жылга чейин Лейлек районунун Лейлек айылдык кеңешинин төрагасы;

1992-1994 - Лейлек районунун «Кара-Суу» айыл чарба кооперативинин төрагасы;

1994-1996 - Лейлек райондук агрардык реформа боюнча борборунда башкы адис;

1996-1999 - Лейлек районундагы Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы;

1999-2000 - Лейлек райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгында башкы адис;

2000-2011 - Баткен облустук кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча борбордун директору;

2011-2013 - «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик долбоорлоо институтунун түштүк аймактык бөлүмүндө башкы адис;

2013-2020 «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик долбоорлоо институтунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы.

Пикир

Оставить комментарий