• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт Эл аралык валюта фонду берген каражаттардын бөлүштүрүлүшү тууралуу маалымат берди

Өкмөт 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Эл аралык валюта фонду тарабынан берилген каражаттар 2020-жылдын 31-мартында Борбордук казыналыктын учурдагы эсебине 120,85 млн АКШ доллары өлчөмүндө түшкөн. Каражаттар 2020-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик курсу боюнча 1 АКШ доллары 84,87 сом чегинде улуттук валютага конвертацияланып, толугу менен сомго айландырганда 10 256,6 млн сомду түздү. Ошол эле учурда 490,8 млн сомдун курстук айырмасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешелеринде курстук айырмачылыктан түшкөн киреше катары чагылдырылды.

2020-жылдын апрель айында Эл аралык валюта фондунун айтылган каражатынын эсебинен республикалык бюджеттин чыгашасына 8 896,8 млн сом жумшалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Алар:

- айлык акыга 3 994,4 млн сом;

- социалдык керектөө үчүн 468,7 млн сом;

- Социалдык фондго чегерүүлөр 1 834,0 млн сом;

- Милдеттүү медициналык фондго чегерүүлөр 1 210,0 млн сом;

- теңдөөчү чегерүүлөр 160,8 млн сом (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек акысы);

- калкты социалдык камсыздоо жана социалдык көмөк көрсөтүү боюнча жөлөкпулдар 869,2 млн сом;

- медицина товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн алуу 106,3 млн сом;

- стратегиялык запастар 153,0 млн сом (Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан эгин алууга);

- коронавируска каршы күрөшүү максатында киргизилген чектөөлөрдөн улам оор турмуш шартында калган калк үчүн азык-түлүк алууга 100,4 млн сом.

Ошентип, Эл аралык валюта фондунун каражаттарынын калдыгы үстүбүздөгү жылдын апрелине карата 1 359,8 млн сомду түзөт, ал 2020-жылдын майында республикалык бюджеттин социалдык маанилүү чыгымдарына жумшалат.

Бюджетти аткаруу тууралуу ай сайын берилүүчү отчеттор (кирешелер, чыгашалар жана дефициттер) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайтында (www.minfin.kg) «Бюджеттин аткарылышы тууралуу отчеттор» бөлүмүндө жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий