• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өкмөттүн кезектеги жыйынында калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу чаралары талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.04.19. /Кабар/. Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо департаментинин директору Аскарбек Токтошев тиешелүү баяндама жасады.

Ал белгилегендей, ичүүчү суу менен камсыз кылуудагы белгилүү бир жакшырууларга карабастан, бүгүнкү күнү айыл калкынын үчтөн бири алигиче тийиштүү сапаттагы жана керектүү көлөмдөгү ичүүчү суу менен камсыз боло элек.

Аскарбек Токтошев кошумчалагандай, азыркы тапта өлкөнүн аймагында 1819 айыл бар, алардын ичинен 267 айылда ичүүчү суу менен камсыздоо тутуму 1960-жылга чейин курулган, ал эми 386 айылда таптакыр жок. Анын маалыматы боюнча, айыл жергисинде калктын 35,5 % ичүүчү суу менен тийиштүү деңгээлде камсыздалган эмес.

Айрыкча көйгөйлүү маселе борборлоштурулган агындылоо объекттеринин абалы болуп саналат. Чакан шаарларда жана айыл макамына ээ райондук борборлордо агындылоо тутумунун жеткиликтүүлүгү колдонуудагы инфраструктуранын начарлашынан улам жыл сайын 1,5-2% кыскарууда.

Ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо департаментинин директору ошондой эле Кыргыз Республикасынын калктуу аймактарын 2026-жылга чейин ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо тутумун өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө белгилегендей, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн маанилүү багыты болуп саналат.

Өкмөт башчы баса көрсөткөндөй, 2001-жылдан 2011-жылга чейин 533 айылда суу менен камсыздоо объекттерин реконструкциялоого 70 млн АКШ доллары жумшалган.

«Учурда 57 айылда суу менен камсыздоо объекттеринде кайра оңдоо жүрүп жатат. Бул коррупциялык механизмдердин бар экендигин айтып турат. Эски түтүктөрдү орнотуу фактылары бар жана бул үчүн эч ким жоопкерчилик албайт. Сапатсыз материалдарды пайдалануу бизди кайрадан оңдоого мажбур кылууда», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, суу менен камсыздоо объекттерин модернизациялоого, ошондой эле тартылган каражаттарды үнөмдүү пайдаланууга так талаптарды жана механизмдерди иштеп чыгуу маанилүү болуп саналат.

«Сиздер билгендей, бул тармакка ири каражаттар тартылат. Жер-жерлерде долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү жетекчилердин жоопкерчилигин так аныктоого тийишпиз. Жергиликтүү жашоочулар жана жалданма компаниялар өз кезегинде оңдоо иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөөгө жардам беришет», – деп белгиледи ал.

Өкмөт башчы дагы бир ирет баса белгилегендей, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу долбоорунун башкы милдети – өлкө жарандарынын саламаттыгы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий