• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Кара-Суудагы өткөрүү пункттарынын абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Кечээ, 15-март күнү Ѳкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Кара-Суу районуна атайын иш-сапар менен барды. Бул тууралуу Ѳкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Облус башчысы Жарасул Абдураимов Савай айыл аймагынын Ынтымак айылында жайгашкан “Ынтымак” өткөрмө пункту, Кара-Суу шаарынын 9-кварталында жайгашкан “Кара-Суу автодорожный’’ өткөрмө пункттарына барып, ал жердеги пункттардын абалы, инфраструктурасы менен таанышып чыкты.

“Эки өлкөнүн президенттери Садыр Нургожоевич менен Шавкат Миромоновичтин тапшырмасына ылайык, мындан ары эки элдин карым-катнашында эч кандай чектөө болбошу керек. Эки элдин ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө, соода-сатык, транспорт маселесин жакшыртууга болгон күчүбүздү жумшайбыз’’,-деди Жарасул Абдураимов.

Эскерте кетсек, КРнын президенти С.Жапаров менен бирге Ош облус башчысы Ж.Абдураимовдун Ѳзбекстан Республикасына болгон расмий иш-сапарында бир нече документтерге, анын ичинде Ош облусу менен Андижан облусунун кызматташтыгын жакшыртуу жана кеӊейтүү максатында жол картасына да кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий