• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү тургундарды ыксыз чыгымдарды азайтууга чакырды

Аймак 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Бүгүн ЭлТР каналынын түз эфиринде өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев облус тургундарын ыксыз чыгымдарды азайтгуу чакырды.

Ал азыр коронавирустун тарап кетүү коркунучу дагы деле бар экенин айтып, эл көп чогулган жерлерге барбоого, ошондой эле Орозо айтта куран окутууда, жылдык өткөрүүдө ысырапкорчулук кылбоого чакырды.

"Эл көп топтолгон жерден оолак болсок. Ыксыз чыгымдарды азайтып, жөн эле чыгым кыла бербей, аны балдардын билимине, ден соолукту чыңдоого же үй-шартты оңдоого жумшасак", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий