• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү Чоң-Алай жана Өзгөн райондоруна 4 тонна картошка бөлдү

Аймак 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү Чоң-Алай жана Өзгөн райондоруна 4 тонна картошка бөлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкүлчүлүк Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунун жашоочуларына 4 тонна картошка жардам катары берди.

Өз кезегинде, Чоң-Алай районунун тургундары Өзгөн районунун Бакмал айылында жайгашкан 703-аскер бөлүгүнүн жоокерлерине 300 кг картошка беришти.

Буга чейин, Өзгөн районунун тургундары санитардык-карантиндик посттордо нөөмөт өтөгөн жоокерлерге азык-түлүк таратышкан.

Пикир

Оставить комментарий