• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү заманбап мечиттин курулушун түптөөгө катышты

Аймак 0

Бишкек, 15-март /Кабар/. Кечээ, 14-мартта Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндө жайгашкан облустук казыяттын имаратынын жанына заманбап 3 кабаттуу мечиттин курулушу башталды. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган курулуштун жер пайын түптөөгө КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Кара-Суу жана Кара-Кулжа райондорунун акимдери, дин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Өкмөттүн өкүлү Т.Сарыбашов өз сөзүндө заманбап мечиттин Ош облустук казыятынын имараты менен биргеликте комплекстүү бир жерге салынышы жалпы мусулмандар үчүн ыңгайлуу болуп, облусубуздагы мусулмандардын башын бириктирип, ынтымактуу жана жыйынтыктуу иш алып барууга өбөлгө түзөөрүн билдирди. Ошондой эле, курулушту тез арада бүткөрүүгө жергиликтүү бийлик органдары жана өкүлчүлүктүн аппараты да колдон келген жардамдарын берээрин айтты.

Заманбап мечитти салууга демөөрчүлүк кылган Сауд Аравиялык фонддун Оштогу өкүлү Шарабидин ажынын айтымында "Курулуштун долбооруна ылайык мечиттин жалпы аянтынын узуну 24 метр, туурасы 18 метрди түзөт. Мечиттин ичи 1300 орунга ылайыкташып, 3 кабаттуу болуп бүткөрүлөт. Курулушту 2017-жылдын июнь айында Рамазан айына карата бүткөрүү пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий