• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өкмөттүн Оштогу өкүлү Өзгөн, Кара-Кулжа райондоруна иш сапары менен барды

Аймак 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Өзгөн, Кара-Кулжа райондоруна иш сапары менен барды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш сапардын алкагында Абдураимов Өзгөн районундагы Кара-Дарыянын жээгине жергиликтүү жашоочуларды иш менен камсыз кылуу үчүн өнөр жай аймагын курууга, суу ташкындабаш үчүн жээктерди бекемдеп, атайын толкун кескичтерди жасоого, дарыянын эки жээгине автоунаа жүрүүчү жолдору менен бирге турак жай үчүн кичирайондорду курууга аракеттерди баштоону билдирди.

Жарасул Абдураимов Кара-Кулжа районундагы “Токтосун-Ата” спорт комплексинин базасында жаңы өнөр жай ишканасын куруу үчүн имараттын абалы менен жеринде таанышты. Спорт комплексти келечекте 200-250 адамга жумуш ордун түзгөн тигүүчү цехке ыйлайыкташтырып куруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий