• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 16.07.19. /Кабар/. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү, өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Ашырбек Темирбаев дүйнө салды. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов ырастады.

Темирбаев бүгүн Бишкек шаарынын ооруканаларынын биринде көз жумган.

Ашырбек Темирбаев 1952-жылы туулган. Ал 2012-жылдан бери өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп келген.

Пикир

Оставить комментарий