• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөттүн турак жай программасынын жаңыланган долбоору жактырылды

Өкмөт 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбековдун төрагалыгында мамлекеттик турак жай саясатынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча Координациялык кеңештин отуруму өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн турак жай программасынын жаңыланган долбоору талкууланып, берилген сунуштарды жана эскертүүлөрдү эске алуу менен жактырылды. Бул документ «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасынын уландысы болуп саналат. Долбоор учурдагы программаны ишке ашыруу тажрыйбасын эске алуу менен иштелип чыккан жана бир катар өзгөрүүлөр бар. Атап айтканда, каржылоонун көлөмү көбөйтүлүп, дүйнөлүк практиканы эске алуу менен турак жай менен камсыз кылуунун жаңы инструменттери каралды жана каржылоонун исламдык принциптери сыяктуу механизмдерди иштеп чыгуунун негиздери түзүлдү.

Финансылык ресурстарды тартуунун шарттарына жараша ипотекалык насыялардын мөөнөтүн узартуу, пенсиянын топтоочу бөлүгүн кредиттин алгачкы төлөмүнө колдонуу мамлекеттик турак жай программасынын жаңыланган долбоорунда каралган.

«Мамлекеттик программанын алкагында турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуунун инструменттери жалгыз насыялоо болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан сунушталып каралган долбоордо комплекстүү иш-чаралар каралышы зарыл», - деди биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков.

Алмазбек Баатырбеков жеткиликтүү турак жай программасын жүзөгө ашырууга инвестиция тартуу боюнча иштерди күчөтүү керектигин белгиледи.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасынын алкагында 13 өнөктөш банк аркылуу жалпы суммасы 5,5 миллиард сомдон ашык сумма насыя берилген. Натыйжада 280 миң чарчы метр турак жай сатып алынып, Кыргыз Республикасынын 16 миңден ашуун жараны үй менен камсыз болду.

Пикир

Оставить комментарий