• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өкмөттүн жаңы курамына жигердүү жана тажрыйбалуу команда топтолду – КР президенти

Президент 0

Бишкек,03.02.21. /Кабар/. Өкмөттүн курамына жигердүү, тажрыйбалуу, чаалыгып-чарчоо эмне экенин билбей турган команда топтолду. Бул тууралуу өкмөттүн жаңы курамынын ант берүү аземинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров билдирди.

Ал өз сөзүндө өкмөттүн мүчөлөрүнө чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн эске салды.

“Ар бир министрликтин жана баарыбыздын ишибизге коомчулук тыгыз көз салып, бизден натыйжалуу ишти талап кылып турат. Ошондуктан, ар бир министр реформа жүргүзүүдө бир топтун же жеке кызыкчылыктын сазына батып кетпестен, мамлекеттин гана кызыкчылыгын көздөө менен ишке ашыраарыңарды суранамын”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий