• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Жогорку Кеңеш 0


Бишкек, 19.06.19. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү.

Президент, Жогорку Кеңештин депутаттары жана элдин алдында КРнын өкмөт аппаратынын жетекчиси – министр Самат Кылжиев, экономика министри Санжар Муканбетов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоевдер ант беришти.

Пикир

Оставить комментарий