• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өкмөттүн жаңыдан дайындалган үч мүчөсү парламентте ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште жаңыдан дайындалган вице-премьер-министрлер Асрандиев Эркин Шамшудинович, Мадумаров Акрам Камбаралиевич, өзгөчө кырдаалдар министри Аскаров Замирбек Марипбаевич ант беришти. Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаӊы өкмөт мүчөлөрүн ант берүү аземи менен куттуктап, аларга зор ишеним жана чоӊ жоопкерчилик тагылып жатканын эске салды. Ал министрди берген антын так аткарып, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө чакырды.

Президент өлкө экономикасын көтөрүү, калк турмушун жакшыртуу, журт биримдигин чыңдоо, эл ичинде туруктуулукту сактоо маселелерине кайрылып, бул багытта мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийликтери ырааттуу иш алпарып жатканын белгиледи. «Биргелешкен аракеттердин натыйжасында жер-жерлерде бир топ иштиктүү демилгелер көтөрүлүп, алардын алгачкы ийгиликтери сезиле баштады. Мындай алгылыктуу аракеттер мындан ары да улантылат», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий