• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары селдин кесепеттери тууралуу айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде облус аймагында болгон селдин кесепеттери тууралуу айтып берди.

"4-май күнү болжол менен түнкү саат 01:00дө Аксы районунун Эчкили-Сай айылында 2 чакырым жерди суу жеп кеткен. Ала-Бука районундагы Ажек айылында суу үйлөрдүн короолорун каптап, үйлөргө зыян келтирилген эмес. Ноокенде, Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында сел жүрдү. Булар боюнча жергиликтүү комиссия иштеп жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий