• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү тиешелүү кызматтарга азык-түлүктүн баасын төмөндөтүүнү тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 27.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев тез күндүн ичинде азык-түлүк коопсуздугун сактоонун конкреттүү планын иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган маселелер координациялык кеңешменин жыйынында талкууланды. Өкүл тийиштүү кызматтарга күнүмдүк керектелүүчү тамак-аш азыктарынын бааларын төмөндөтүү үчүн натыйжалуу иш пландарды түзүү тапшырмасын койду. Аны менен катар бул багытта жергиликтүү бийлик жетекчилери да күчөтүлгөн тартипте иштеши керектигин айтты.

Анда баалардын көтөрүлүшүнүн негизги себеби, азыктардын басымдуу бөлүгү сырттан импорттолоору белгиленди. Облус башчысы бааны төмөндөтүү үчүн күн карама жана башка азыктардын айдоо аянттарын азыртадан кеңейтүү керектигин белгиледи. Ал үчүн айыл-чарба кооперативдери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кырдаалдан чыгуу жолдорун аныктоону милдеттендирди.

Жыйында район-шаарлардын калктуу конуштарындагы турак-жай маселелери, андагы баш аламандык менен мыйзамсыздыктарды жөнгө салуу, тургундардын нааразычылыктарын жараткан жол куруу иштериндеги кемчиликтер көтөрүлдү. Коомдук коопсуздукту сактоо, алдыда өтүүчү жергиликтүү кеңештердин шайлоо өнөктүгүндөгү мыйзам бузуулардын алдын алуу керектиги белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий