• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өкмөттүн жемиши: «Made in KG» Кыргызстандын брэндине айланууда

Аналитика 0

Таанылып бараткан брэнд

Россияда жүргөн мекендештерибиз муну абдан жакшы билишсе керек. Азыркы тапта Россиянын дүкөндөрүндө, же базарларында кийим-кече сатып алуучулар өздөрүнө ылайыктуу, өлчөмү, түсү, модели жана баасы бири-бирине төп келишкен көйнөктү же костюмду сатып алган соң, «Кайсыл жактын өндүрүшү болду экен?» деп, этикеткасына карашса эле «Made in Kyrgyzstan» же «Сделано в Кыргызстане» деп жазылып турганын көрүшөт. Кыргызстандан тигилген, даярдалган кийим-кечелер Россиянын жана Казакстандын базарларын узак жылдардан бери эле багындырып алганын, ал жакта жашаган мекендештерибиз абдан жакшы билип калышты. Сапаты жана модели жагынан Кыргызстанда даярдалган кийимдер дүйнөлүк аттуу-баштуу фирмалардын кийимдеринин сапатынан эч кандай кем калышпайт. Ал эми баасы аларга салыштырмалуу алдаканча арзан. Андыктан «Сделано в Кыргызстане» деген этикеткасы бар кийимди бир жолу сатып алган кардар сөзсүз түрдө кайрадан аны издеп, сатып алышат.

Кыргызстандык кийим тигүүчүлөр көп жылдардан бери эле сырткы рыноктордо мамлекетибиздин брэндин алдыга жылдырып келишет. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча жеңил өнөр жайы ийгиликтүү өнүгүп аткан өнөр жай тармактарынын арасында ордун бекем ээледи. Анын «текстиль, кийимдер жана бут кийимдер, кайыш жана башка кайыш буюмдары» өндүрүшүндөгү үлүшү 70% түзөт. Бул тармактагы өндүрүлгөн продукциянын экспорту 2017-жылдын башынан тарта ишенимдүү түрдө алдыга жылууда. Бирок, 2013-2015-жылдары бул тармакта олуттуу төмөндөө байкалган, себеби ал учурда дүйнөлүк экономикада көйгөйлөр жаралган болчу, анын таасири биздин жакын коңшуларга – Россия жана Казакстанга да катуу таасир эткен эле. Финансылык кризис, сатып алуучулук жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү - кыргызстандык кийим тигүүчүлөрдүн алып жүрүүчү заказын азайткан. Бирок, 2016-жылдан тарта кырдаал кайра оңоло баштады. Бүгүнкү күндө «Легпром» Ассоциациясынын маалыматы боюнча Кыргызстандан даярдалган кийим-кечелерге Россия жана Казакстандан заказдардын көлөмү көбөйүүдө.

Учурда кийим тигүүчү ишканалардын өндүрүштүк кубаты толук көлөмдө иштөөдө. Бирок, өтө чоң заказдардын алынышы кийим тигүүчү жумушчу күчтүн жетишсиздиги маселесин жаратты. Мындан сырткары электр энергиясына карата жетишээрлик жогорку тариф калууда, жүгүртүүдөгү каражаттын жетишсизди байкалууда, цехтерди ачуу үчүн имараттар жетишсиз, логистикалык борборлор жок.

Жеңил өнөр жайын өнүктүрүү үчүн чечилбей келаткан маселени С. Жээнбеков чечүүгө белсенди

Бир нече жылдардын ичинде «Легпром» Ассоциациясынын өкүлдөрү Кыргызстанда «Текстилдик жана кийим тигүү өндүрүшү үчүн Технополис» түзүү маселесин чечүүгө аракет кыла башташкан. Анда бир эле учурда цехтер иштеп, керектүү кадрларды даярдоо жүрүп, маркетингдик изилдөөлөр жүргүзүлүп, көргөзмө павильондору жана соода аянттары иштеши керек болчу.

Ассоциациянын башчысы Сапарбек Асанов Кыргызстандын ЕАЭБке кириши кийим тигүүчүлөрдү шаштырып калганын, Ассоциациянын ишканалары ишке көмүлүп калганын, бирок жогоруда саналган бир катар маселелердин чечилбей атканы алардын кеңири иштешине жол бербей жатканын бир нече ирет билдирген.

Өкмөт ишкерлердин аракетин колдоого даяр болгон, маселе бир нече жыл бою талкууланган, ал тургай «Технополис» үчүн участок да белгиленген. Бирок, акыркы чечим бир өкмөт башчыдан башкасына өтүп келе берген. Акыры бул маселени учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков чече турган болду. Ал өткөн жумада «Текстилдик жана кийим тигүү өндүрүшү үчүн Технополис» долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча өкмөттүн токтомуна кол койду. Бул өтө маанилүү кадам. Бизде нефти жана газ жок экенин, бирок башка ресурстар бар экенин эске алуу менен жеңил өнөр жайын өнүктүрүү аркылуу олуттуу экономикалык ийгиликтерге жетишүүгө болот. Буга чейин долбоор мамлекетибиздин перспективалуу инвестициялык долбоорлорунун бири болгон Өкмөттүн «Ишеним жана биримдик» Программасын реализациялоо боюнча КР Өкмөтүнүн аракеттеги Планына кирген.

Жалпысынан «Текстилдик жана кийим тигүү өндүрүшү үчүн технополис» аттуу чоң инвестициялык долбоор эки чоң багыт менен жүзөгө ашырылуусу пландалууда: Биринчиси, кыска мөөнөттөгү долбоор – эки жылдан ашык эмес убакытта ишке ашуусу керек. Экинчиси, узак мөөнөттөгү долбоор – мөөнөтү 5 жылдан ашуун убакыт. Бул проект акырындык менен турмушка аша баштады. С. Жээнбеков кол койгон токтомго ылайык «Технополис» долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн «Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын Ассоциациясы «Легпром»» юридикалык жактардын бирикмесине Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагынан убактылуу колдонууга жер тилкеси берилди. Жер тилкесинин аянты 40,74 гектар жана ага «Технополис» курулушу пландалууда.

“Технополис” долбоору жүзөгө ашса, миңдеген адамдар жумуш орундары менен камсыз болот

Өкмөт текстилдик жана кийим тигүү өндүрүшү жайгаша турган «Технополиске» чоң үмүт артууда. «Легпром» Ассоциациясына жер тилкеси 49 жыл мөөнөткө ижарага берүү келишиминин шартында берилди. Бул идея мамлекеттен өтө чоң деле финансылык чыгымды талап кылбайт. Бирок, масштабдуу инвестициялык долбоордун кооз жана кымбат эмес кийимдерди даярдоо аркылуу ийгиликтүү жүзөгө ашуусу «Made in KG» брэндин дагы да алдыга сүрөйт. Аны менен катар инвесторлорду өзүнө тартат. Ал тургай көптөн бери келе жаткан кыялыбыз – мамлекетке белгилүү кийим өндүрүүчүлөрдөн чоң заказдардын түшүүсүн да камсыз кылат. Бул үчүн бизнесмендер да, бийлик да инвесторлорду арзан жумушчу күчү жана салыштырмалуу арзан электр энергиясы үчүн гана тартпастан, адамдары жана техникалары менен чыныгы алдыңкы «Технополисти» түзүүгө көп күч аракет жумшашы керек.

«Технополистин» кыска мөөнөттөгү долбоору тиешелүү инфраструктурасы бар Бишкектеги өнөр жай ишканаларынын биринин территориясында жүзөгө ашырылуусу пландалууда. Сунуш катары «Бишкек машине куруу заводу» ААКсынын колдонулбай жаткан 20 гектар аянттагы территориясы каралууда. Жер тилкесин бөлүү маселеси азырынча чечиле элек, маселени ведомстволор аралык жумушчу тобу изилдөөдө.

Бүгүнкү күндө жеңил өнөр жайындагы 40тан ашуун ишкерлер кыска мөөнөттөгү долбоорду реализациялоого киришүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Азырынча өкмөттүн чечимин күтүү керек.

Биргелешкен дымактуу пландарды жүзөгө ашыруу кийим тигүүчүлөргө каражат жүгүртүү менен камсыздоого жардам берет. Мамлекет өзү ири көлөмдө финансы бере албагандыктан, бул максатта Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду аракетке өтөөрү пландалууда. Фонд үчүн бүгүнкү күндө текстилдик жана кийим тигүү өнөр жайы кредиттик саясаттын бирден бир приоритеттүү багыты болуп саналат. Учурда Фонд тарабынан приоритеттүү өнөр жай долбоорлорун төмөнкү пайыздагы кредит менен каржылоо активдүү жүрүүдө. Инвестициялык кредиттердин мөөнөтү 10 жылга чейин узарууда. «Технополистин» түзүлүшү кийим тигүүчүлөргө ресурстарды бириктирүүнү гана эмес, жыйынтыгында бардык тармактагы иштин ачык-айкындуулугун камсыз кылат. Маселен, бүгүнкү күндө кийим тигүүчү чакан ишканалардын өндүрүшүнүн бир бөлүгү статистикалык органдар тарабынан эске алынбайт. Ошондой эле Россияга жана Казакстанга «Дордой» базары аркылуу кеткен тигүү продукцияларынын көлөмү эсептелбейт. Бардыгын бир «түндүктүн» алдына бириктирүү ишкерлердин жана мамлекеттин карым катнашынын конкреттүү системасын түзөт.

Өкмөттүн маалыматы боюнча бүгүнкү күндө мамлекетибизде жеңил өнөр жайында 150 миң киши иштейт. Министрлер кабинетинде жана «Легпром» Ассоциациясы адистерди жумуш издеп башка мамлекетке кетпөөнү суранып атат. Себеби, бул тармакта Россия жана Казакстанда иштеп тапкан акчадан кем эмес каражат тапса болот. Ошону менен бирге эле бул тармактын алдыга жылышына салым кошкон болуп саналат.

«Текстилдик жана кийим тигүү өндүрүшү үчүн технополис» түзүү 15 миң адамды жумуш менен камсыз кыла алат. Анан аларга кайсы бир күнү «Сделано в Кыргызстане» белгиси менен өндүрүлгөн текстилдик продукциялары үчүн ырахмат айтылат. Себеби, бизден өндүрүлгөн кийимдердин сапаты жогору болот. Ошон үчүн мамлекетибиздин өкмөтү «Технополис» боюнча чечим кабыл алды.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий