• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөттөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана эл каттоонун “тагдыры” тууралуу айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 17.03.20. / Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана эл каттоонун “тагдыры” тууралуу айтты.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Өмүрбекова жергиликтүү кеңешке шайлоолор 12-апрелге белгиленгендигин билдирди. “Үгүт иштери жана шайлоонун өзү - элдин көп топтолушуна алып келет. Буга көңүл кош кароо туура эмес. Ошондуктан, Республикалык штаб саясий партияларга үгүт иштеринин ыкмаларын өзгөртүүнү сунуштады. Азыр муну интернет аркылуу жасаса болот. Социалдык тармактар буга чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет. Биз саясий партияларга мүмкүн болушунча үгүт иштерин чектөөнү сунуштадык”, - деди ал.

Ошондой эле Өмүрбекова белгилегендей, шайлоого чейин иш-аракеттердин алгоритми кайра карылышы мүмкүн.

Вице-премьер-министр кошумчалагандай, эл жана турак жай каттоону өткөрүү боюнча азырынча өзгөрүүлөр жок.

Пикир

Оставить комментарий