• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөттүн жыйыны өттү

Өкмөт 0


Бишкек, 3-июль /Кабар/. Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 3-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жана «2017-2030-жылдары Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы планын иштеп чыгуу боюнча программаны бекитүү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору каралды.

Аталган маселелер боюнча маалыматтар менен Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Урматбек Кокочаров чыгып сүйлөштү.

Пикир

Оставить комментарий