• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөттө Нарын облусунда логистикалык борборду түзүүгө байланыштуу маселелер талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 30.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Нарын облусунун Ат-Башы районунда индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат угулуп, логистикалык борборду курууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров логистикалык борборду куруу үчүн 200 га жер аянтын бөлүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому бар экендигин белгиледи.

«Жаңы логистикалык борбор кичи жана орто бизнес ишканаларын түзүүгө өбөлгө түзүп, 3000 жаңы жумушчу орун түзүүгө багытталат. Борборду куруу үчүн инвесторлорду тартуубуз зарыл. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн тийиштүү жумушчу топ түзүлөт», - деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигине инвесторлорду тартуу жана долбоорго техника-экономикалык негиздемени даярдоо боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды. Ошондой эле министрлик жана ведомстволорго аталган маселе боюнча ишти активдештирүү тапшырылды.

Белгилесек, индустриалдык-соода-логистикалык борборду түзүүнүн негизги максаты болуп өнөр жай, кайра иштетүү жана агроазык-түлүк секторун жана транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, айыл чарба жана өнөр жай товарларын экспорттоону өстүрүү аркылуу аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана жергиликтүү калктын бакубаттуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий