• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өкмөттө пробация институту жана УКТ каршы туруу маселеси боюнча мыйзамды өркүндөтүү механизмдери талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 26.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 26-майда, Кыргыз Республикасында пробация институтун киргизүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өз сөзүндө вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн астында өлкө үчүн жаңы саналган социалдык-укуктук пробация институтун өз учурунда жана ийгиликтүү киргизүүнү камсыздоо боюнча милдет турат деп белгиледи.

«Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, пробация институту соттук укук колдонуу тажрыйбасын гумандаштырууга, мыйзам бузган жактарды коомго адаптациялоонун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. Буга катар пробация түрмөгө камалгандардын жана кайталанма кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган», – деди ал.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков пробация институтун киргизүү боюнча белгилүү иштер аткарылгандыгын белгиледи.

«Анткен менен алдыбызга коюлган тапшырмаларды ишке ашыруу мөөнөтүнүн чектелгендигин, ошондой эле анда козголгон инсандын жана мамлекеттин ишмердүүлүгүнүн кеңири чөйрөдөгү маселелерин эске алуу менен күч-аракеттерди бириктирип, бардык маселелерди сапаттуу жана ыкчам түрдө чечүү керек», – деп ырастады Жеңиш Разаков.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча министрликтерге жана ведомстволорго өлкөбүздө пробация институтун киргизүү процессин ченемдик-укуктук коштоого жана каржылык, материалдык-техникалык камсыздоого байланыштуу маселелерди өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Мындан тышкары, уюшкан кылмыштуулукка каршы туруу жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча механизмдер талкууланды.

Вице-премьер-министр белгилегендей, укук коргоо органдары үчүн аталган багыттагы иш артыкчылыктуу бойдон калууда.

«Уюшкан кылмыштуулук өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө тоскоолдук келтирип, жалпы криминогендик абалга кескин таасирин тийгизет. Ага каршы күрөшүүдө мыкты ченемдик-укуктук база зарыл», – деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Ал укук коргоо органдарынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча концептуалдуу механизмдерди иштеп чыгуунун өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Вице-премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга кеңешменин жүрүшүндө талкууланган сунуштарды ыкчам тартипте талдоого алып, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жаатындагы мыйзамдарга актуалдаштырылган өзгөртүүлөрдү кароого киргизүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий