• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өкмөттө “Таза Коом” программасынын алкагында маалыматтык-байланыш долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 13.11.17./Кабар/. КРнын Премьер-министри Сапар Исаков “Таза Коом” санариптик трансформациялоо программасынын алкагында улуттук маалыматтык-байланыш долбоорлорунун учурда ишке ашырылышы маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы маалыматтык-байланыш долбоорлорунун ишке киргизилиши мамлекеттик органдардын санариптик өнүгүүсүнө жана ага карата жарандардын жана бизнес-коомчулуктун ишеним деңгээлин жогорулатууга карай алгачкы чоң кадам жасоого мүмкүндүк берээрин дагы бир ирет баса белгиледи.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов “Таза Коом” санариптик трансформациялоо программасын ишке ашыруу боюнча Кеңештин жыйынында жактырылган улуттук маалыматтык-байланыш долбоорлорунун учурда ишке ашырылышы тууралуу маалымат берди.

Ал маалымдагандай, тийиштүү бардык мамлекеттик органдар аталган программанын биринчи кезектеги 19 компонентин ишке киргизүү үстүндө активдүү иш алып барууда.

Маалыматты угууда Өкмөт башчы Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине Мамлекеттик катоо кызматы жана тийиштүү министрлик жана ведомстволор менен биргеликте мамлекеттик органдардын документтерин санариптештирүү боюнча жол картасын иштеп чыгууну тапшырды. Сапар Исаков белгилегендей, маалыматтарды санариптештирүү “Таза Коом” долбоорунун алкагындагы бирден-бир маанилүү багыттардан болуп саналат жана аталган маселе боюнча ар-бир мамлекеттик органда жумушчу топторду түзүүнү тапшырды.

Буга катар Премьер-министр бала-бакчаларда жана мектептерде электрондук кезек күтүүнү киргизүү боюнча ишти активдештирүүнү тапшырды. Өкмөт башчынын айтымында, мунун өзү балдарды билим берүү мекемелерине кабыл алууда коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга алып келет.

Ошондой эле, Сапар Исаков мамлекеттик сатып алуулар порталынын аналитикалык мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал белгилегендей, аталган маселе өзгөчө көзөмөлгө коюлат.

Мамлекеттик чек ара кызматына жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине “Манас” жана «Ош» эл аралык аэропортторунун өткөрүү пункттарында чек ара көзөмөлүнүн автоматташтырылган тутумун “Е-gates” (электрондук дарбазалар) орнотуу боюнча даярдык иштерин тездетүү тапшырылды.

Мындан тышкары тийиштүү мамлекеттик органдарга Бишкек жана Ош шаарларында салык процедураларын фискалдаштыруу боюнча долбоорду ишке ашырууну жана “Акылдуу шаар” долбоорун ишке киргизүүнү өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Финансы министрлигине жана Мамлекеттик каттоо кызматына тийиштүү иш-чаралар өз убактысында каржылануусун үзгүлтүксүз түрдө көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Буга катар Премьер-министр Сапар Исаков “Таза Коом” санариптик трансформациялоо программасын ишке ашыруу боюнча Кеңештин кароосуна киргизүү үчүн келечектүү долбоорлордун тизимин даярдоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий