• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өкмөттө текстилдик жана тигүү тармактарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 28.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 28-декабрда, «Легпром» ассоциациясынын төрагасы Сапар Асановду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө атамекендик текстиль жана тигүү тармактарынын иш жыйынтыктары жана аны өнүктүрүү келечеги, анын ичинде «Легпром» ассоциациясынын ишмердүүлүгү талкууланды.

Сапар Асановдун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча текстилдик жана тигүү тармактарында 5,2 млрд сом суммасындагы продукция өндүрүлгөн. Анын ичинен 4 млрд сомдук продукция тигүү тармагында өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү көрсөткүчү 113 % түзгөн.

Буга катар анын айтымында, учурда аталган тармактагы кесипкөй кадрлардын жана өндүрүүштүк имараттардын жетишсиздиги көйгөйү орун алууда.

«Легпром» ассоциациясынын төрагасы ошондой эле Кыргыз Республикасынын текстилдик-тигүү өнөр жайы үчүн «Технополис» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымдады. Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы бөлүнгөн жер тилкесин трансформациялоо иши жыйынтыкталды. Мындан тышкары, аталган долбоорду ишке ашырууга инвестиция тартуу боюнча бизнес-план иштелип чыгууда, ал аяктаган соң өндүрүштүк имараттардын курулушу башталат.

«Технополис» долборун ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына гана эмес, дүйнөлүк стандарттарга жооп берген 40 жакын ишкана түзүү мүмкүндүгү пайда болот, ал аркылуу болжол менен 10 миң адам иш орундары менен камсыздалмакчы.

Премьер-министр Сапар Исаков аталган долбоордун социалдык маанилүүлүгүн белгилеп, аны тез арада ишке ашыруунун зарылдыгына токтолду. Өкмөт башчы белгилегендей, бул өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатууда натыйжалуу чара болуп калат.

Тигүү жана текстиль тармактарындагы квалификациялык кадрлардын тартыштыгы маселесин чечүү максатында Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга «Легпром» ассоциациясы менен текстиль жана тигүү тармактарынын жумушчуларына жагымдуу шарттарды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий