• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өкмөттө «Тергөө соттору» институтун киргизүү маселесин талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 07.06.18. /Кабар/. Кыргыз Респбуликасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, бүгүн, 7-июнда, «Тергөө соттору» институтун киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешмеге Кыргыз Респбуликасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Жогорку соттун өкүлдөрү, ошондой эле Жазык-процесстик кодекстин жаңы редакциясын иштеп чыгууга катышкан эксперттер катышышты.

«Тергөө соттору» институту өлкөдө жүрүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагындагы жаңы киргизүүлөрдүн бири болуп саналат.

Жазык-процесстик кодексинин жаңы редакциясынын алкагында тергөө сотторунун ыйгарым укуктарынын катарына күбөнүн жана жабырлануучунун көрсөтмөлөрүн депонирлөө укугу киргизилген. Тагыраагы тараптардын биринин өтүнүч каты боюнча негиз болгон шартта күн мурунтан соттук далилдерди камсыздоо максатында тергөө соту тарабынан күбө же жабырлануучуну соттук өндүрүшкө чейин суракка алуу. Объективдүү себептердин натыйжасында аларды соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө суракка алуу мүмкүн болбой калат же бул күбөнүн же жабырлануучунун коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл болуп саналат.

2019-жылдын 1-январынан тарта өлкөдө «Тергөө соттору» институтунун толук кандуу иштөөсү үчүн жергиликтүү соттордун штатын 56 бирдикке көбөйтүү болжонууда.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча жергиликтүү соттордун штатын көбөйтүү каралган мыйзам долбоорун мамлекеттик органдарга макулдашууга жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Ошону менен бирге Юстиция министрлигине көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорун илгерилетүүдө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине аракеттешүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий