• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөттө укук коргоо органдарын реформалоо боюнча чаралар талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында өлкөнүн укук коргоо органдарын реформалоого багытталган мыйзамдарды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Коопсуздук Кеңешинин Катчылыгынын, министрликтер менен ведомстволордун, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты.

Жыйында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Мыйзам долбооруна киргизилген негизги жаңылыктар сунушталды.

Анда белгиленгендей, 2020-жылдан тарта укук коргоо органдарында акчалай көмөк жана социалдык кепилдиктер системасын унификациялоо ишке ашырылат. Белгиленген ченемдерди ишке ашыруу үчүн бюджеттен 2,7 млрд сом бөлүштүрүү каралууда.

Жогоруда белгиленген мыйзам долбоорунун алкагында укук коргоо органдары тарабынан күч, атайын каражаттарды, курал, курал-жарак жана аскер техникасын колдонуунун укуктук негизин жөнгө салган ченемдер такталат.

Аны менен бирге долбоор тарабынан коомдук тартипти, транспорттордун ишин, байланыш каражаттарын жана уюмдарды бузбаган чогулуштарды, митингдерди, демонстрацияларды, жүрүштөрдү жана зомбулуксуз мүнөздөгү пикетке чыгууларды токтотууда атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.

Мындан тышкары укук коргоо органдарына кызматка алууда ачык-айкын сынактык тандоо киргизүү сунушталууда.

Ошондой эле күч колдонуу, атайын каражаттарды, курал, аскердик курал-жарак жана техника колдонуу фактылары боюнча эскертүү тартиби белгиленүүдө.

Муну менен бирге жүргүзгөн иш-чараларынын көз карандысыздыгын камсыздоо үчүн ички тергөө Кызматынын укуктарын кеңейтүү сунушталып жатат.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар мыйзам долбоорунун сунушталган ченемдеринин прогрессивдүүлүгүн белгилешти.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Мыйзам долбоорун айтылган сунуштарды эске алуу менен толуктап иштеп чыгууну тапшырып, аны тезинен Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий